Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 17-майындагы № 359
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Баалуу металлдар
башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-
раштуу Баалуу металлдар башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) Кыргыз
Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун
(мындан ары - Мамлекеттик фонд), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ба-
алуу металлдар запасын (мындан ары - Мамлекеттик запастар) түзүү жана
Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар ме-
нен операцияларга контролдукту жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары берилген мамлекеттик бийликтин аткаруучу ор-
ганы болуп саналат.
2. Башкармалыктын структурасына Баалуулуктар сакталуучу жай (Мам-
лекеттик сактоочу) жана Пробирдик көзөмөл инспекциясы кирет.
3. Башкармалык өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясын, мыйзам чегинде, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз
Республикасынын эл аралык келишимдерин, макулдашууларын, мыйзамдарын,
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жетекчиликке алат.
4. Башкармалык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн
жана кыргыз, орус тилдериндеги аталыштагы мөөрү бар юридикалык жак бо-
луп саналат.
5. Бул Жободо төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
баалуу металлдар - алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы
металлдар (палладий, родий, иридий, рутений жана осмий) ар кандай
түрдөгү жана абалдагы: сырьедо, эритмелерде, чала фабрикаттарда, өнөр
жайлык продукцияларда, химиялык бирикмелерде, буюмдарда, сыныктарда жа-
на калдыктарда:
асыл таштар - алмаз, изумруд, рубин, сапфир сырье жана (же) иште-
тилген түрүндө;
баалуулуктар - баалуу металлдар жана (же) асыл таштар;
баалуу металлдарды аффинаждоо - алынган баалуу металдарды кошунду-
лардан жана коштоочу компонеттерден тазалоо процесси, баалуу металдарды
эл аралык стандарттарга же Кыргыз Республикасынын стандарттарына туура
келген сапатка чейин жеткерүү;
Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жай (Мамсактоо) - юридикалык
жактарга таандык болгон, Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын, ошондой
эле келишимдик мамилелерде баалуу металлдарды, асыл таштарды сактоочу
мамлекеттик ишкана;
Пробирдик көзөмөл инспекциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында
пробирдик көзөмөлдү ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
II. Башкармалыктын милдеттери
6. Башкармалыктын негизги милдеттери:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен, конфицкацияланган жана башка
негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдардан, асыл
таштардан Мамлекеттик запастарды, мамфондду түзүү, эсепке алууну жана
сактоону камсыз кылуу, ошондой эле аларды сатууну жана пайдаланууну
жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таш-
тар менен операцияларга мамлекеттик контролдукту жана жөнгө салууну
жүзөгө ашыруу.
III. Башкармалыктын функциялары
7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функ-
цияларды аткарат:
- белгиленген тартипте Мамфонддун, Кыргыз Республикасынын мамле-
кеттик запастарынын баалулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке
алууну, сактоону жүргүзөт;
- белгиленген тартипте конфицкацияланган жана башка негиздер боюн-
ча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, андан
жасалган буюмдарды жана кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоо-
ну, баалоону, сатууну ишке ашырат;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды жана андан жасалган буюмдарды
келишимдик негизде юридикалык жактардан сактоого кабыл алат;
- бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Мамфонддун, Мамлекеттик запас-
тардын баалуулуктарына жыл сайын инвентаризация жүргүзөт;
- баалуу металлдардын баасы жөнүндө маалымкат берет, баалуу ме-
таллдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды баалоону
жүргүзөт;
- белгиленген тартипте баалуу металлдарды жана асыл таштарды им-
порттоо, экспорттоо боюнча лицензияларды алууга эксперттик бүтүмдөрдү
даярдайт;
- баалуу металлдарга, асыл таштарга жана алардын кошундусу бар бу-
юмдарга иштелип чыккан техникалык шарттарга, мамлекеттик стандарттарга
экспертиза жүргүзөт;
- өндүрүш, аффинаж, сатуу жөнүндө, прибордогу камтылгандар
жөнүндө, жабдуулар жана реактивдер, калдыктар, келүүлөр жана чыгымдоо-
лор жөнүндө, ошондой эле сыныктар жана калдыктар түрүндө кайра иш-
тетүүгө берүү жөнүндө - белгиленген формада баалуу металлдар боюнча от-
четторду кабыл алат жана талдоо жүргүзөт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды
жүргүзүүнүн тартиптери боюнча кењеш берет;
- ички жана тышкы рынокто аффинаждалган баалуу металлдарды, асыл
таштарды, кендерди, концентранттарды жана экинчилик сырьену сатууда
контролдукту жүргүзөт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүчү
жеке жана юридикалык жактарды каттоону жүргүзөт;
- уюмдарда жана мекемелерде, атайын ишканаларда баалуу металлдарды
жана баалуу таштарды өндүрүү, кайра иштетүү, пайдалануу, эсепке алуу
жана сактоону, такай контролдоону жана баалуу металлдарды чыгаруучу
кайра иштетүүчү жана пайдалануучу ишканаларда, мекемелерде жана уюмдар-
да көрсөтүлгөн операциялар боюнча мезгил-мезгили менен контролдукту иш-
ке ашырат;
- соода уюмдарынын, мекемелердин жана жеке ишкерлердин баалуу ме-
таллдардан, асыл таштардан жасалган зергердик (тиричилик) буюмдарды са-
тууларына системалуу пробирдик контролдукту жүргүзөт;
- сатып алуучу пункттардын, стоматологиялык мекемелердин иштерине
контролдукту ишке ашырат;
- ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан алып ке-
линген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана баш-
ка (тиричилик) буюмдарына мамлекеттик эн белги салууну жана сынамык
алууну жүргүзөт;
- буюмдарда, куймаларда, чалафабрикаттарда, тыйындарда ж.б. баалуу
металлдардын өлчөмүн аныктоо үчүн контролдук талдоо жана экспертиза
жүргүзөт;
- пробирдик реактивдерди даярдайт жана сатат;
- зергердик буюмдарды жасоочулардын аттарына, мамлекеттик пробир-
дик эн тамга оттискаларына экспертиза жүргүзөт;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка бу-
юмдарды зергердик сынамыктан өткөрүү, талдоо жана эн тамга салуу үчүн
белгиленген тарифке ылайык пробирдик төлөмдөрдү кабыл алат;
- баалуу металлдар, асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө мый-
замдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тар-
типте кароого киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
аткарат.
IV. Башкармалыктын укуктары жана жоопкерчилиги
8. Башкармалыкка төмөнкүдөй укук берилет:
- Мамфонддун жана Мамлекеттик запастардын баалуулуктарын толуктоо
үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу
металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;
- Мамфонддун эсебине киргизүү үчүн юридикалык жана жеке жактардан
баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле алардан жасалган бу-
юмдарды, анын ичинде музейлик жана антиквариаттык баалуулуктагы буюм-
дарды сатып алууга;
- ички рыноктун муктаждыгын камсыздоо үчүн баалуу металлдарды,
асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды сатууга;
- Мамсактоонун түрдүү баалуулуктарын жана аткаруучулардын баалуу-
луктарын пайдалануу менен Мамфонддун баалуулуктарын калыбына келтирүүгө
жана кайра жаратууга, зергердик жана башка буюмдарды даярдоого келишим-
дерди түзүүгө;
- аффинаждоочу башка ишканалар менен келишимдик негизде Мамлекет-
тик сактоого сырье түрүндө келип түшкөн кондициялык эмес баалуу металл-
дарды, алардан жасалган буюмдарды жана сыныктарды кайра иштетүүгө жана
асыл таштарды кырдоого;
- Мамфонддун баалуулуктарынын көргөзмөсүн республикада жана чет
мамлекеттерде өткөрүүгө жана уюштурууга, тиешелүү тематика боюнча жар-
намалык жана басма материалдарын даярдого;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча эсеп
жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчет берүү тартибин белгилөөгө;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик, ти-
ричилик буюмдарында эн тамгалардын оттискаларынын жасалмалуулугу билин-
се аларды жараксыз абалга келтирүүгө;
- пробирдик көзөмөлдун иш-аракетин камсыздоо үчүн пробирдик
төлөмдөрдүн каражатынын бир бөлүгүн пайдаланууга;
- баалуу металлдарга, асыл таштарга жана аларды колдонуу менен жа-
салган буюмдарга улуттук стандарттарды жана техникалык шарттарды иштеп
чыгууга катышууга;
- республикада баалуу металлдар рыногун түзүү жана зергердик
өндүрүштү, алтын өндүрүүчү тармакты өнүктүрүүнүн программаларын жана
болжолдорун иштеп чыгууга катышууга;
- бекитилген сметанын чегинде негизги фондго тийиштүү жабдууларды
жана башка материалдык баалуулуктарды берүүгө чарбалык келишимдерди
түзүүгө;
- КМШга катышкан өлкөлөргө жана чет өлкөлөргө адистерди стажиров-
кага жана кызматтык иш сапарларга жөнөтүүгө.
9. Башкармалык жүктөлгөн фукцияларды натыйжалуу аткарууга жана ко-
юлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу чечүүгө белгиленген тартип-
те жоопкерчилик тартат.
Башкармалыктын кызматкерлери белгиленген милдеттерди жана функция-
ларды аткарбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык
жана тартиптик жоопкерчилик тартат.
V. Башкармалыктын жетекчилиги
10. Башкармалыкты Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кыз-
матка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу начальник жетектейт.
11. Башкармалыктын начальнигинин орун басары болот, ал Башкарма-
лыктын начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жа-
на финансы министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошо-
тулат.
12. Башкармалыктын начальниги:
- Баалуу металлдар башкармалыгынын иштерин уюштурат;
- Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга
жеке жооп берет;
- начальниктин орун басарынын, Башкармалыктын структуралык
бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилик дењгээлин алардын функционал-
дык милдеттерине ылайык аныктайт;
- Башкармалыктын ишинин ар жылдык планын бекитет;
- чыгымдар сметасынын чегинде штаттык тизмени бекитет;
- Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматка дайындайт жана бошотот;
- жогору турган органдарга андан ары макулдашуу менен өз компетен-
циясынын чегинде иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алар кошулган буюмдарды
алууда, чыгымдоодо, эсебин алууда, сактоодо, ошондой эле сыныктарды жа-
на калдыктарды топтоодо жана атайын ишканаларга өткөрүүдө белгиленген
эрежелер бузулганы аныкталган учурда ишканалардын, мекемелердин жана
уюмдардын кызмат адамдарына айыптык сакцияларды колдонот;
- ыйгарым укуктарына ылайык алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө Кыр-
гыз Республикасынын атынан чыгат.
13. Баалуу металлдар башкармалыгынын аппаратын кармоого финансылык
чыгымдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетте каралган кара-
жаттардын эсебинен жана пробирдик төлөм каражаттарынын бир бөлүгүнөн
ишке ашырылат.
VI. Башкармалыктын мүлкү жана каражатары
14. Баалуу металлдар башкармалыгынын өздүк каражаттары өзүнө има-
ратты, курулмаларды, жабдууларды, шаймандарды, транспорт жана акча ка-
ражаттарын камтыган негизги фонддон турат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө жобону…Постановление · 17.05.2006 · № 359
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №490 ""Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 05.08.2009 · № 490
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон