# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-майындагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жайгашкан орду жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-майындагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жайгашкан орду жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 355
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11429/edition/326359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-майындагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жайгашкан орду жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57444

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 16-майындагы № 355

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин

жайгашкан орду жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 4-октябрындагы №

277 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2000-жылдын 4-октябрындагы "Ош шаарынын статусу жөнүндө"

Жарлыгын ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер тууралуу" токтомун

аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери

боюнча мамлекеттик агентгиктин ишинин натыйжалуулугун арттыруу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча

мамлекеттик агенттик Ош шаарына жайгашаары белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча

мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттүн ичинде:

- Ош шаарына көчсүн жана Ош шаарында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин

иштешин камсыздасын;

- Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасы менен макулдашуу боюнча

Кыргыз Республикасынын түштүк облустарында Кыргызстан мусулмандарынын

Дин башкармасынын уюштуруу жана кадрлык иштерин күчтөндүрүү боюнча иш-

чараларды жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик

агенттиктин Ош шаарына көчүшүн жана иштешин финансылык камсыздоого

байланыштуу маселелерди 2006-жылга республикалык бюджетге карапган

каражаттардын чегинде чечсин.

4. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, Ош шаарынын мэриясы

бир айлык мөөнөттүн ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча

мамлекеттик агенттикке кызматтык жай берүү маселесин чечишсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча

мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине Ош шаарынан турак жай берүүгө

жардам көрсөтүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Бишкек шаары,

Киев көчөсү, 96 "Б" дарегинде жайгашкан администрациялык имараттагы,

азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери

боюнча мамлекеттик агенттик пайдаланып жаткан кызматтык бөлмөлөрдүн

бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча

мамлекеттик агенттиктин үч кызматкерин, анын ичинде директордун орун

басарын жайгаштыруу үчүн калтырсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги №

167 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 4-октябрындагы

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашырууга байланышкан айрым

маселелер тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин

иштери боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пунктунун 2-абзацы алып салынсын;

- 5-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

7. Райондордун жана шаарлардын жергиликтүү мамлекеттик

администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

белгиленген штаттык сандын чегинде дин маселеси боюнча адистерди

караштыры шсы н.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
