# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11419/edition/431380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57433

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 12-майындагы № 346

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)

«Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө», «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын

бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 токтому менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобонун

3.1- пунктунун төртүнчү абзацындагы «минимум эмгек акыдан» деген

сөздөр «эсептик көрсөткүчтөн» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. «Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын

бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 токтому менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинин

3.2-пунктунун «г)» пунктчасындагы «минимум эмгек акыдан» деген сөздөр

«эсептик көрсөткүчтөн» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
