Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 6 сентября 2007 года № 398 "О некоторых вопросах обеспечения деятельности Национального статистического комитета Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-09-06.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-сентябрындагы № 398 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-майы № 330
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун
айрым маселелери жөнүндө
Администрациялык реформа жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасынын ста-
тистика органдарынын системасында башкаруунун натыйжалуулугун жогорула-
тууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Кыргыз
Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин ортосундагы Ре-
сурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-
на аталган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу сунуш
кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-
на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кол коюлган Ресурстук ма-
кулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-
рлиги тарабынан бекитилген жана макулдашылган учурдагы финансылык жылга
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин бюджетинин чегин-
де эмгек акы төлөп берүү тартибин жана шарттарын белгилөөгө укук берил-
син.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-февралындагы №
61 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин
камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп та-
былсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 6-майындагы N 330
токтому менен жактырылды
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
менен Кыргыз Республикасынын экономика жана
финансы министрлигинин ортосундагы
Ресурстук макулдашуу
1. Макулдашуунун мааниси
1.1. Ресурстук макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Тараптары
болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, анын атынан
төрагасы Абдыкалыков Орозмат жана Кыргыз Республикасынын экономика жана
финансы министрлиги, анын атынан министр Жапаров Акылбек Үсөнбекович.
1.2. Аталган Макулдашуу төмөнкүлөр ылайык даярдалды:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги
№ 84 - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына
"улуттук" статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө", 2002-жылдын 14-декаб-
рындагы № 375 - "Кыргыз Републикасында 2003-2010-жылдарга эмгек акы ре-
формасынын концепциясы жөнүндө" жана 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 -
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимизациялоо
жөнүндө" жарлыктарына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-ж. 18-мартындагы № 141 -
"2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Эмгек акы реформасынын кон-
цепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын жана мамлекеттик баш-
каруу органдарынын өркүндөшүн, алардын ишинин натыйжалуулугунун жогору-
лашын жана мамлекеттик чыгымдардын кыскарышын камсыз кылган уюштуруучу
жана финансылык аспаптарын түзүүгө багытталган администрациялык реформа
боюнча чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна.
1.3. Ушул Макулдашуунун мааниси болуп - бекитилген тартиптерден
жана туруктуу бюджеттик процесстин чектелүүлөрүнөн тышкары, финансылык
жана адам ресурстарын бөлүштүрүүдө, колдонуунун кыймылдуулугу менен ий-
кемдүүлүгүн камсыз кылууда, ресурстук каражаттардын чегинде, коюлган
максаттарга жетүү үчүн функционалдык талдоонун жүрүшүндө аныкталган
тапшырмаларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статис-
тика комитетинин жетекчилигинин ыйгарым укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн
кењейтүү эсептелет.
1.4. Өткөрүлгөн функционалдык талдоо дүйнөлүк стандарттарга шайкеш
келүү үчүн мамлекеттик статистиканын стратегиялык максаттарын ишке ашы-
рууну жана маселслерин өнүктүрүүнү белгилеп, өз учурунда чөлкөмдүк ста-
тистиканын өнүгүшүн негизги стратегиялык максаты катары аныктайт.
Чөлкөмдүк статистика жалпысынан Кыргыз Республикасынын статистика сис-
темасынын өнүгүшүндө өтө зарыл элемент болуп эсептелет, ал эми Макулда-
шуу ушул кызматтардын бекемдөөгө муктаж болгон потенциалынын өнүгүшүнөө
көмөк көрсөткөн маанилүү документ болуп саналат.
2. Макулдашуунун максаты
2.1. Аталган Макулдашуунун максаты - колдо болгон финансылык кара-
жаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүшү
үчүн өтө зарыл жана чечүүчү мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө жыйын-
тыктуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу болуп эсептелет.
2.2. Коюлган максатка жетүү, чектелген бюджеттик ресурстарды
бөлүштүрүүдө аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн негизделген жана ойло-
нуштурулган чечимдерди кабыл алуунун, финансылык каражаттардай эле,
адам ресурстарын да колдонуунун реалдуу варианттарын иштеп чыгуунун
эсебинен болот деп божомолдонот.
2.3. Макулдашуу кошумча финансылык ресурстарынын бөлүнүшүн кара-
байт.
3. Таасир берүү чөйрөсү жана шарттары
3.1. Макулдашуунун предмети катары Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитети, ага караштуу ведомстволук жана аймактык уюмдардын
финансылык жана адам ресурстары эсептелет.
3.2. Бул Макулдашуунун таасирине кирген мамлекеттик статистика
уюмдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук
аппараты;
- облустук, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик статистика башкар-
малыктарынын, мамлекеттик статистиканын райондук жана шаардык
бөлүмдөрүнүн аппараттары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы
эсептөө борбору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статисти-
калык изилдөө институту;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Окуу бор-
бору.
3.2.1. Финансылык ресурстар болуп үстүбүздөгү финансылык жылга
республикалык бюджетте каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча каралган ка-
ражаттар саналат. Аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кароосу боюнча жана Кыргыз
Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Мыйзамыныи 15-статьясына ылайык жалпысынан каржы-
лоонун бардык бөлүмдөрү боюнча финансылык ресурстарды пайдаланууга,
б.а. каржылоонун бөлүмдөрүндөй эле, чыгымдардын статьялары боюнча да
жылдык, кварталдык жана айлык суммаларды жылдырууга укугу бар.
3.2.2. Адам ресурстарына, белгиленген тартипте бекитилген, эњ жо-
горку сандык чектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комите-
тинин борбордук аппаратынын, облустук, Бишкек жана Ош шаардык мамлекет-
тик статистика башкармалыктарынын, мамлекеттик статистиканын райондук
жана шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери, мамлекеттик статистика
органдарынын тейлөө жана техникалык персоналы менен жогоруда аталган
тизмеге ылайык эњ жогорку чектик санына кирбеген башка кызматкерлери да
кирет.
3.3. Аталган Макулдашуунун шарттары боюнча финансылык жана адам
ресурстарын пайдалануу - статистика уюмдарынын ишмердигинин болгон мил-
деттери менен жањы программаларынын уландысы жана кењейтилиши болуп
эсептелип, аткарылып жаткан программалардын уюштуруу структурасын, баш-
каруу схемаларын, түзүлүшүн мындан ары өркүндөтүү үчүн негиз болот.
3.4. Аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте бекитилген, эњ жогорку сандык чектен ашпа-
ган, белгиленген функционалдык милдеттерге ылайык мамлекеттик статисти-
ка уюмдарынын түзүлүшүн реформалоого, кайра уюштурууга жана жакшыртуу-
га, адам ресурстарын кайра бөлүштүрүүгө;
- жалпысынан каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча эмгек акы фондун
пайдаланууга, ошондой эле:
а) жумушчулардын кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөрдү бе-
китүүгө;
б) өтө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды жоопкерчилик ме-
нен аткаргандыгы үчүн, көп жылдык, кынтыксыз эмгек ишмердиги үчүн, ке-
сиптик майрамдарга жана башка Кыргыз Республикасынын турмушундагы башка
белгилүү окуялар жана даталарга байланыштуу сыйлык берүүгө;
в) үй бүлөлүк шарттарга байланыштуу социалдык-тиричилик маселелер-
ди чечүү үчүн, жумушка барып-келүүгө жол киресинин бир бөлүгүн төлөө
үчүн, тамактанууга, кымбат баалуу дары-дармек алууга жана дарыланууга
кошумча төлөөлөр үчүн материалдык жардам көрсөтүүгө.
4. Өз ара милдеттенмелер жана отчеттуулук
Аталган Макулдашууга ылайык Тараптар өзүнө төмөнкү милдеттенмелер-
ди алат.
4.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин
Борбордук казыначылыгына ай сайын финансылык каражаттарга болгон мук-
таждыгы жөнүндө билдирүүнү тапшырат;
- бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу багы-
ты боюнча колдонуу милдетин алат;
- бухгалтердик жана финансылык операцияларды сөзсүз түрдө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык жүргүзөт.
4.2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлиги:
- бюджетти иштеп чыгууда, өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды даярдоо-
до мүнкүн болушунча максималдуу түрдө, контролдук сумманын чегинде,
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин сунуштарын жана
эсептөөлөрүн эске алат;
- алдыдагы айдын каржылоо планына ай сайын чыгымдардын бардык
статьялары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин
билдирүүсүнө ылайык ассигнованиелерди киргизет.
5. Ишмердиктин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу
5.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрага-
сы бул Макулдашуунун аткарылышына жоопкерчилик тартат.
5.2. Макулдашуунун максаттарына жетүү жолдору:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин уюштуруу
түзүлүшүн жана функционалдык милдеттерин өркүндөтүү мүнкүнчүлүктөрүн
натыйжалуу колдонуу;
- статистика уюмдарынын ишмердигинин жалпы көрсөткүчтөрүн, алардын
натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн жакшыртуу.
5.3. Каржылоонун бардык бөлүмдөрү жана чыгымдардын статьялары бо-
юнча мамлекеттик статистика уюмдарынын түзүлүшүн реформалоо, кайра
түзүү жана жакшыртуу процессинде бардык үнөмдөлгөн каражаттар Кыргыз
Республикасынын Улуттук статистика комитетинин карамагында калып, Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана ве-
домствого караштуу уюмдардын жетекчилигинин кароосу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланышы мүнкүн.
6. Мониторинг жана баа берүү
6.1. Бул Макулдашуунун максаттарына жетишкен ийгиликтерге баа
берүү ушул документтин курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Ушул Макулдашу-
уну бекиткен учурдан тартып бир жыл өткөндө Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитети жана ведомствого караштуу уюмдары анын на-
тыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн объектиси болууга тийиш.
6.2. Контролдоочу мамлекеттик органдардан ар кандай маалыматтар
жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
7. Күтүлбөгөн жагдайлар
Бекитилген республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, бюджеттин
киреше бөлүгүнүн төмөндөшүн алып келүүчү күтүлбөгөн жагдайлар пайда бо-
лушу мүнкүн. Мындай учурларда бюджеттин тењ салмактуулугун сактоо үчүн
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлиги бюджетке чы-
гымдарды кыскартуу боюнча өзгөрүүлөрдү киргизүүгө аргасыз болот. Чыгым-
дарды кыскартууга алып кылүүчү мындай күтүлбөгөн жайгдайлар пайда бол-
гон учурларда бекитилген бюджет боюнча каралган каражаттардын 90 пайы-
зына карата толук бойдон Макулдашуу колдонулуп, каржылоо кыскартылган
сумманын чегинде чыгымдардын бардык статьялары боюнча жүргүзүлүүгө ти-
йиш.
8. Күчкө кирүү
Аталган Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчкө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика экономика жана финансы
комитетинин төрагасы министри
О.Абдыкалыков А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө"…Постановление · 06.09.2007 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Указ Президента КР от 10 апреля 2002 года УП N 84 "О порядке присвоения статуса "национальный" государственным учреждениям и организациям Кыргызской Республики"Указ · 10.04.2002 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө"…Постановление · 06.09.2007 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 марта 2003 года №141 "Об утверждении Плана мероприятий по реализации Концепции реформы заработной платы в Кыргызской Республике на 2003-2010…Постановление · 18.03.2003 · № 141 · Күчүн жоготкон