# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мыйндагы № 324 "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мыйндагы № 324 "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11399/edition/1077454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мыйндагы № 324 "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө" токтому (22.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57408

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 6-майы № 324 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө Жарандардын динди карманууга конституциялык укуктарын андан ары өнүктүрүү, мамлекеттин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарынын эриш-аркактыгына жетишүү, көп конфессиялуу жарандык ачык коомду калыптандыруу, конфессиялар аралык сабырдуулукту жана көтөрүмдүүлүктү чыњдоо жана сактоо, ошондой эле жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тењ салмагын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын тиркелген концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний укуктарын жана эркикдиктерин камсыздоо боюнча иштеринде ушул Концепциянын милдеттерин, максаттарын жана приоритеттерин жетекчиликке алышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Ф.Кулов
