# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 323
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11398/edition/407153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57407

---

БКР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы N 688 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 6-майы, №323

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы №10 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы «Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык кызмат ордун уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы №

636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Дин иштери боюнча мамагенттикти кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалчу жана бошотулуучу директор башкарат. Агенттиктин директорунун статс-катчысы жана директордун бир орун басары болот. Статс-катчы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдеттери жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекитүүчү статс-катчы жөнүндө жобо менен аныкталат. Директор статс-катчыга башка функцияларды жана иш милдеттерди аткарууну тапшырышы мүмкүн. Директордун орун басары кызматка директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат, директорго түз баш ийет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.».

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
