# 94-статья. Санациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 8-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 94-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-94

---

1. Карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз бергенден кийин жети күндүн ичинде карыз тарап же анын мүлкүнүн менчик ээси иш өндүрүшүн токтото туруу жана санация жүргүзүү жөнүндө сотко арыз бере алат.

Сот андан кийинки он төрт календардык күндүн аралыгында санация жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулук маселесин чечет. Эгерде сот бул мөөнөттүн ичинде санация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл албаса, анда сот банкроттук жөнүндө ишти кароону кайра баштайт. Бул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр узартылышы мүмкүн эмес.

2. Санация жүргүзүү жөнүндө өтүнүч төмөнкүдөй учурларда:

1) карыз тарап же менчик ээси мүлкүнүн карыз тараптын төлөөгө кудуретсиздик фактысын мойнуна алса;

2) карыз тарап (менчик ээси) санация жүргүзүү учурунда кредиторлордун кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенме алса, сотко берилиши мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-93)  
Кийинки берене: [95-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-95)
