# 9-статья. Карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүз фактысын белгилөө

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989790..989791>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 9-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9

---

1. Төмөндөгү шарттардын бири болгондо карыз тарап төлөөгө жөндөмсүз болуп эсептелет жана банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланышы же табылышы мүмкүн:

1) анын тез өтүүчү (өтүмдүү) активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө акчалай милдеттенмелери боюнча өз кредиторлорунун негиздүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү;

2) анын тез өтүүчү (өтүмдүү) активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында мыйзамда белгиленген мөөнөттө бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөмдөрдү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү;

3) банкроттук жөнүндө иштин маңызы боюнча сот тарабынан чечим чыгарылганга чейин карыз тараптын кредитордун талаптарын ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган тартипте канааттандырбоосу;

4) эгерде көзөмөлдөөнүн ыйгарымдуу органы карыз тараптын милдеттемелери анын активдеринен ашып кеткен фактыны белгилесе.

2. Карыз тараптын төлөө жөндөмсүздүгүнүн фактысы сот экспертизасынын корутундусунун, көз карандысыз аудиттин же карыз тараптын убактылуу администраторунун отчетунун жыйынтыктарынын негизинде соттун чечими менен (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) же кредиторлордун жыйналышынын чечими менен (банкроттук процесси соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлгөндө) белгиленет.

3. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында белгиленген карыздын минималдуу өлчөмүнөн ашкан өлчөмдө карыз тараптын төлөө жөндөмсүздүгүн билдирген кредитордун алдында карыз тараптын акчалай милдеттенмеси болгондо гана аны банкрот (кудуретсиз) деп таануу (жарыялоо) үчүн жана ушул Мыйзамда каралаган жол-жоболорду колдонууга негиз болот. Акчалай милдеттенмелердин өлчөмү, эгерде сот актысы менен мыйзамдуу күчүнө киргендиги тастыкталса же анын банкроттуулугу жөнүндө иши соттун жыйналышында каралганда мындай моюнга алуунун тыянактарын түшүндүрүү менен карыз тарап кат жүзүндө макул болгондо белгиленди деп эсептелет.

4. Эгерде карыз тарап кредиторлордун талаптарына макул болбосо, ал эми акчалай милдеттенмелердин жана (же) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмү мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысында белгиленбесе, мындай карыз тарап сот тарабынан карызды төлөөгө жөндөмсүз деп таанылбайт, ал эми анын банкроттуулугу жөнүндө иш өндүрүшү токтотулушу керек.

5. Анын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү жөнүндө жарыялаган кредитордун алдындагы карыз тарап же болбосо кайсы болбосун үчүнчү тарап акча милдеттенмелерин толук аткарганда сот иштин аныгы боюнча чечим кабыл алганга чейин, банкроттуулук жөнүндө иши боюнча соттун чечими күчүнө киргенге чейин банкроттуулук жөнүндө иш өндүрүшү ушул карыз тараптын банкроттуулугу жөнүндө сотко өз талаптарын койбогон карыз тараптын кредиторлордун алдында башка карыздары болгондугуна карабастан токтотулууга тийиш.

6. Карыз тарапты банкрот деп таануу (жарыялоо) жөнүндө арыздын кабыл алынышы жана карыз тараптын ишин кароо мөөнөтү, карыз тараптын дарегинин толук аталышы, кредиторлордун алдындагы бюджеттик жана бюджеттик эмес фондулардын алдындагы карыздары жөнүндө маалымат республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-8)  
Кийинки берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-1)
