# 9-2-статья. Карыз тарапка милдеттүү түрдө банкроттук процессин козгоо

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 9-2-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-2

---

1. Карыз тарап банкроттугун алдын ала билгенде, төмөнкүдөй кырдаалдардын бири пайда болгон учурдан тартып, бир айдан кечиктирбестен:

1) эгерде бир же бир нече кредиторлордун талаптарын канааттандыруу, акчалай милдеттенмелерин жана (же) бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фондуларды кошо алганда, башка кредиторлорго милдеттенмени толук аткарууга мүмкүн болбой калууга алып келсе;

2) эгерде карыз тарап акчалай милдеттенмелерди жана (же) бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди толук аткарууга жөндөмсүз болсо же ошондой абалга жете турган болсо;

3) карыз тараптын уюштуруу документтерине ылайык карыз тарапты жоюу жөнүндө чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан же карыз мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн ыйгарым укуктуу катышуучу тарабынан банкрот катарында жоюу жөнүндө чечим кабыл алынса;

4) эгерде төлөөгө жөндөмсүз юридикалык жакты жоюуда кредиторлордун талаптарын толугу менен канааттандырууга мүмкүнчүлүгү жоктугу аныкталса;

5) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда, соттук же соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессин козгоого милдеттүү.

2. Карыз тарап ушул статьянын 1-пунктунун талаптарын аткарбаса, карыз тараптын катышуучулары, жетекчиси, жоюу комиссиясынын мүчөлөрү кредиторлордун алдында карыз тараптын милдеттенмеси боюнча субсидиялык жоопкерчилик тартышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-1)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-10)
