# 9-1-статья. Карыз тарапка банкроттук процессин козгоо үчүн зарыл болгон карыздын минималдуу өлчөмү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 9-1-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-1

---

1. Төлөөгө жөндөмсүз карыз тарапка карата банкроттук процессин козгоо үчүн карыздын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмдөрүнүн болушу талап кылынат:

1) карыз тарапка коюлган бир же бир нече кредиторлордун талап кылган суммасы эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000ден кем эмесин түзсө;

2) жеке ишкерди кошо алганда, кредитор - жеке адамдын карыз тарапка койгон талабы эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн кем эмес өлчөмүн түзсө;

3) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Бул статьянын эрежеси карыз тараптын банкроттук процесси өзү козгошу үчүн колдонулбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларыына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9)  
Кийинки берене: [9-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-9-2)
