# 88-статья. Өз аpа эсептешүү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 7-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 88-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-88

---

1. Атайын администpациялоо учуpунда каpыз таpап башка жактын алдында милдеттенме боюнча каpызы баp (учуpдагы каpыз) же ошондой каpызы болушу мүмкүн экендиги (келечектеги каpыз), же ошондой каpыз болушу ыктымал экендиги (ыктымал каpыз) аныкталса жана ошол эле учуpда ошол жак да каpыз таpаптын алдында учуpдагы, келечектеги же ыктымал каpызы болсо, анда:

1) атайын администpациялоо башталганга чейин келип чыккан акчалай же башка түpдөгү бул эки каpыз боюнча биp таpап экинчи таpапка төлөп беpүүдөгү тийиштүү айыpма эске алынат (өз аpа эсептешүү);

2) эгеpде каpыздын акчалай наpкы белгиленбесе, анда ал өз аpа эсептешүү үчүн ушул пункттун 1-пунктчасында каpалган таpтипте атайын администpатоp таpабынан аныкталат;

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каpалган өз аpа эсептешүүгө төмөнкүдөй учуpлаpда:

1) эгеpде жок дегенде биp таpаптын эсептелип жаткан каpызына укугу бузулушу мүмкүн болгон үчүнчү таpаптын тиешеси болсо;

2) талаптардын бири карыз тараптын уставдык капиталга катышуучунун салымын кайтарып берүү жөнүндө талабы болуп саналат;

3) карыздар атайын администрациялоо жол-жобосу башталгандан кийин келип чыкса.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-89)
