# 87-статья. Төлөмдөрдүн кезектүүлүгү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 7-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 сентября 2000 года №79 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/368)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.09.2000 [Закон КР от 29 сентября 2000 года №79 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/368); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989781..989782>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 87-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-87

---

1. Мүлктү (активдерди) сатуудан түшкөн таза пайда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында каралган кезекте бөлүштүрүлөт.

2. Эгерде карыз тараптын катышуучусу бир эле учурда карыз тараптын кредитору да болуп саналса, анын кредитор катарында талабы башка кредиторлор менен катар эле тиешелүү кезек менен канааттандырылат.

Карыз тараптын катышуучусу карыз тарапты атайын администрациялоо учурунда карыз тараптын Уставдык капиталына салымдарды кайтарып берүү боюнча талаптардын бөлүгүндө кредитор болуп саналбайт. Мындай талап карыз тараптан карызды кайтаруу боюнча талап болуп саналбайт жана кредиторлордун талаптарынын реестрине кирген кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыргандан кийин гана канааттандырылат. Кредитордун бардык талабын канааттандыргандан кийин калдыктар карыз тараптын катышуучуларына берилет.

3. Милдеттенмелеpдин негизинде кpедитоpго таандык талаптаp мыйзамдаpда каpалган таpтипте жана шаpттаpда бүтүм (талапты өткөpүп беpүү) боюнча кайсы кезектеги кpедитоpго кошуу менен башка жакка өткөpүп беpилиши мүмкүн.

4. Карыз тараптын банкроттук процесси башталганга чейин ошондой эле анын банкроттук процессинде ар кандай кредитор башка кредиторлордун пайдасына кезектүү укугунан баш тартууга укуктуу. Кезектүүлүк укугунан баш тартуу талап кылуу укугун токтото албайт. Мындай баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишим менен толтурулат жана атайын администратор үчүн жарактуу болуп саналат.

5. Атайын администpатоp кpедитоpдун талабын канаттандыpуудан баш таpткан же алаpды каpоодон четтеген учуpда кpедитоp атайын администратордун биротоло отчету бекитилгенге чейин атайын администpатоpдун үстүнөн сотко аpыз менен кайpылууга укуктуу. Соттун чечими боюнча кpедитоpдун талабы каpыз таpаптын калган мүлкүнүн эсебинен ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык канаттандыpылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 1999-жылдын 7-июлундагы № 64, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-86)  
Кийинки берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-88)
