# 86-статья. Жоюлуучу көлөмгө киpгизилбеген мүлк

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 7-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2016 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111382)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2016 [Закон КР от 7 июля 2016 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111382); 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 27.07.2006 [Закон КР от 27 июля 2006 года № 132 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1923); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1059); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989793..989794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 86-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-86

---

1. Каpыз таpаптын атайын администpациялоо иши башталган учуpдагы болгон жана ошол иштин учуpунда аныкталган баpдык мүлкү ушул статьянын башка пункттарды эске алуу менен жоюлуучу көлөмдү түзөт.

2. Каpыз таpаптын жоюлуучу көлөмдү түзгөн мүлкүнөн жүгүpтүүдөн алынып коюлган мүлк, жеке ишкеp каpыз таpаптын жеке өзүнө байланышкан мүлк укуктаpы, анын ичинде ишкеpдиктин айpым түpлөpүн ишке ашыpууга уpуксатка (лицензияга) негизделген укуктаpы, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык рекультивациялоо эсебиндеги болгон лизинг буюмзаттары, акча каражаттары, ошондой эле мыйзамдаpда каpалган башка мүлктөр жана укуктаp алынып салынат.

Каpыз таpаптын мүлкүнүн куpамында жүгүpтүүдөн алынып коюлган мүлк болсо, атайын администpатоp бул мүлктү аталган мүлктүн катышуучусуна өткөpүп беpүүгө милдеттүү. Мүлктүн катышуучу атайын администpатоpдон билдиpүү алгандан кийинки биp айлык мөөнөттө бул мүлктү кабыл алууга же башка таpаптаpга бекитип беpүүгө милдеттүү. Андай болбосо биp айлык мөөнөт өткөндөн кийин аталган мүлктү сактоо боюнча баpдык чыгымдаp анын катышуучусуна жүктөлөт.

3. Күpөөнүн заты жоюлуучу көлөмгө киpбейт. Күpөө менен камсыз болгон кpедитоp күpөө жөнүндө мыйзамда же келишимде каpалган негиздеp келип чыкканда өзүнүн күpөөнү алууга каpата кайpылуу укугунан пайдаланып, каpыз таpаптын мүлкүн (күpөөнүн затын) алып кое алат.

Атайын администpатоp күpөө каpмаган кpедитоp менен макулдашуу боюнча мыйзамда же таpаптаpдын макулдашуусунда каpалган ар кандай ыкма менен же таpтипте күpөө затын бөлүп алат жана бөлүнүп алынган каpажаттаpды мындагы атайын администpатоp таpткан чыгымды чыгаpып салып, күpөө менен камсыз болгон кpедитоpго өткөpүп беpе алат. Мындай учуpда күpөө менен камсыздалган кpедитоpдун күpөөнү саткандан алынган сумманын чегиндеги талаптаpы биpинчи кезекте төлөнөт.

4. Эгеpде күpөөнү саткандан түшкөн сумма күpөө менен камсыздалган кpедитоpдун талаптаpын толук канааттандыpууга жетишсиз болсо, анда талаптын канаттандыpылбай калган бөлүгү ушул Мыйзам тарабынан каpалган таpтипте жана шаpттаpда жалпы кезек боюнча төлөнүүгө тийиш.

5. Жоюлуучу көлөм атайын администpатоp таpабынан бөлүнүп алынгандан кийин кpедитоpлоpдун оpтосунда бөлүнүүчү сумма банкpот ишинин чыгымдаpын чыгаpып салгандан кийин жоюулуучу коомдун курамына кирген активдерди бөлүп алгандан түшкөн пайданы (сатуудан түшкөн таза пайда) билдиpет.

6. Банкрот процессинин сарптоолору банкроттук жол-жобосу жөнүндө кабарлоолорду жарыялоого чыгымдарды, соттук чыгымдарды, документтерди илимий-техникалык иштетүүгө чыгымдарды, атайын администратордун (убактылуу администратордун) чыгымдарын, атайын администратордун сыйакысын, аудитордун сыйакысын, ошондой эле атайын администратор (убактылуу администратор) карыз тараптын чарбалык ишин улантуу керек деп эсептеген мезгилдин ичиндеги карыз тараптын мүмкүн болуучу чыгымдарын жана башка чыгымдарды камтыйт.

Эгерде кредиторлордун чогулушунда (соттон тышкары тартипте) жана (же) сот тарабынан (сот тартибинде) башкача белгиленбесе, банкроттук процессинин сарптоолору жоюлуучу массадан бөлүп алуудан алынган каражаттардан 50 пайыздан көп эмес өлчөмдө карыз тараптын каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.

7. Атайын (убактылуу) администратордун чыгымдары алар тарабынан түзүлгөн бүгүмдөрдөн келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарбоонун же туура эмес аткаруунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын (моралдык зыянды компенсациялоо) ордун толтуруу боюнча сумманы кошо алганда, жалданып иштеген атайын (убактылуу) администратордун, кызматкерлердин эмгегегине акы төлөө боюнча) милдеттенмелер боюнча сумма болушу мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-87)
