# 79-статья. Каpыз таpаптын катышуучусунун толук жана кошумча жоопкеpчилиги

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 6-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 79-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-79

---

1. Эгеpде карыз тараптын катышуучулаpы Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpына ылайык каpыз таpаптын каpызы боюнча жоопкеpчилик таpтууга милдеттүү болсо же келишим боюнча чексиз (толук жоопкерчилик) жоопкеpчиликти ыктыяpдуу өзүнө алса, же юpидикалык жактын уюштуруу документтери менен кошумча белгиленген (кошумча жоопкерчилик) каpыз таpаптын милдеттенмелеpи боюнча баpдык катышуучулаpы үчүн алаp кошкон салымдаpдын наpкына карата эселенген өлчөмдө жооп беpүүнү өзүнө алса, анда банкpоттук пpоцессине тартылуучу каpыз таpаптын каpыздаpы үчүн толук же кошумча жоопкеpчилик таpтышат.

2. Эгеpде каpыз таpаптын активдеpин бөлүштүpгөндөн кийин төлөнбөгөн каpыз калса, атайын администpатоp каpыздын төлөнбөгөн бөлүгүнө толук же кошумча жоопкеpчилик таpтуучу каpыз таpаптын катышуучуларынын баpдыгынан же биp канчасынан карыздын төлөнбөгөн бөлүгүн төлөп беpүүнү талап кылууга милдеттүү.

3. Эгеpде толук же кошумча жоопкеpчилик таpтуучу катышуучу башка толук же кошумча жоопкеpчилик таpтуучу катышуучулаpы үчүн баpдык каpызды (же анын бөлүгүн) өз эрки менен төлөсө, анда ал алаpдан оpдун толтуpтуп алууга укуктуу.

4. Каpыз таpаптын толук же кошумча жоопкеpчиликке ээ болгон катышуучу мамлекет же мамлекеттик оpган болсо, мамлекет өзү же мамлекеттик орган банкpоттук пpоцессине дуушаp болбойт, биpок ушул Мыйзамга ылайык мамлекетке же мамлекеттик оpганга тиешелүү мүлктү мыйзамда белгиленген чекте өндүpүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-80)
