# 732-статья. Атайын администратордун отчету

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 4-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 732-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-732

---

1. Ушул Мыйзамда каралган кредиторлор менен бардык эсептешүүлөр жана башка милдеттенмелерди аткаруу аяктагандан кийин атайын администратор өз ишинин жыйынтыктары тууралу төмөнкүлөргө:

1) эгерде банкроттук процесси соттун катышуусу менен жүргүзүлсө, сотко;

2) эгерде банкроттук процессине сот катышпаса, кредиторлор чогулушуна отчет берет;

3) Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга (банкроттук процессин жүргүзүүнүн тартибине карабастан) отчет берет.

2. Отчетко төмөнкүлөр:

1) жоюу балансы;

2) кредиторлордун талабынын реестри жана канааттандырылган талаптардын өлчөмүн көрсөтүү менен аларды кароонун жыйынтыктары;

3) карыз тараптын калган мүлкүн (активдерин) пайдалануу жөнүндө документтер;

4) атайын администратор алган сыйлык жөнүндө документтер;

5) банкроттук процессинин чыгымдарынын негиздүүлүгү жана максатка ылайыктуулугун ырастоочу документтер;

6) архивдик документтерди өткөрүү-кабыл алуу актысы;

7) карыз тараптын жетекчисинин жана катышуучуларынын укукка жат иш-аракеттери (эгерде ушундай болсо) жөнүндө маалымат;

8) зарыл болгон учурларда башка маалыматтар тиркелет.

3. Сот (кредиторлор чогулушу) отчет берилген күндөн кийин жети күндүн ичинде атайын администратордун отчетун бекитүү тууралу маселени кароого милдеттүү.

4. Отчетко макул болбогон учурда кредиторлор чогулушу атайын администратордун отчетуна ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин жети күндүн аралыгында сотко даттанууга укуктуу.

5. Атайын администратордун отчетун бекитүү жөнүндө маселени сот банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын ошол отчет боюнча корутундусу болгон учурда гана карайт.

6. Сот (кредиторлор чогулушу) атайын администратордун отчетун бекиткен учурда карыз тарапты атайын администрациялоо жол-жобосунун аяктагандыгы жөнүндө чечим кабыл алат жана бул тууралу чарба жүргүзүүчү сүбъекттерди мамлекеттик каттоону жүргүзүүчү органга билдирет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [731-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-731)  
Кийинки берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-74)
