731-статья. Атайын администраторду сыйлоо
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 4-ГЛАВА
1. Сыйлоонун өлчөмү жана атайын администраторго төлөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык жана тартипте кредиторлордун чогулушу менен аныкталат (эгерде банкроттук процесси соттон тышкары тартипте жүргүзүлсө) жана/же сот тарабынан (соттук тартипте) бекитилет.
2. Атайын администраторго сыйлык төлөө карыз тараптын мүлкүнүн эсебинен берилет жана карыз тараптын банкроттук процессинин чыгымдарына кирет.
Катышпаган карыз тарапты атайын администрациялоодо атайын администраторго сыйлык берүү банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунун каражатынан төлөнүп, ал кийин карыз тараптын мүлкүнүн эсебинен толук же жарым-жартылай орду толтурулуп берилет.
3. Атайын администраторго сыйлык берүү төмөнкүлөрдөн:
1) өз милдетин аткарган бардык мезгил ичиндеги учурдагы (ар бир айлык) төлөмдөрдөн;
2) анын иш-аракетинин жыйынтыгы боюнча кошумча төлөөлөрдөн чогултулат.
Эгерде сот же кредитордун чогулушу тарабынан төлөөнүн башка кыйла кыска мөөнөтү белгиленбесе, учурдагы төлөөлөр айына бир жолу жүргүзүлөт. Кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган каражаттардан чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлүүчү кошумча төлөөлөр атайын администраторго кредиторлордун талабын канааттандырууга багытталган каражаттарды которгон сайын алар менен бир эле учурда төлөнөт. Атайын администраторду сыйлоого чегерүүлөр кредиторлордун талабын канааттандырууга багытталган каражаттарды которгон сайын алар менен бир эле учурда жүргүзүлөт.
4. Ордунда жок карыз тараптын же болбосо активдери жетишсиз чарба жүргүзүүчү субъекттердин банкроттук жол-жоболорун камсыз кылуучу атайын администраторго төлөөлөрдү кошпогондо, атайын администраторго учурдагы (ар бир айлык) төлөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акынын жыйырма минималдуу өлчөмүндө жүзөгө ашырылат. Ордунда жок карыз тараптын же болбосо активдери жетишсиз чарба жүргүзүүчү субъекттердин банкроттук жол-жоболорун камсыз кылуучу атайын администраторго төлөөлөр ушул статьяда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Атайын администраторго кошумча төлөөлөрдүн өлчөмү кредиторлордун талабын канааттандырууга багытталган каражаттын беш процентинен ашпоого тийиш. Сот тартибинде банкроттук процессин жүргүзүүдө сый акынын (кезектеги жана кошумча төлөөлөр) өлчөмү кредитордун (кредиторлордун), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын негиздүү арызы боюнча азайтылышы мүмкүн.
5. Эгер банкроттук жөнүндө иштер боюнча кароо тынышуу келишимдерин түзүүгө байланыштуу токтотулса, атайын администраторго кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоодо талап кылынган өлчөмдүн иш жүзүндө канааттандырылган же бекитилген тынышуу келишимине ылайык жабылган сумма эсепке алынат.
6. Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу эмгек акынын он ставкасынын өлчөмүндө бир жолу берилүүчү сыйакы алат. Бул сумма банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунан төлөнөт.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
731-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-731" title="731-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>