# 69-статья. Келишимдин негизинде үчүнчү жактын тескөөсүндө турган карыз тараптын активдерине карата атайын администратордун укуктары

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 4-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989782..989783>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 69-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-69

---

1. Атайын администратор мыйзамдарда белгиленген тартипте карыз тараптын милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

Атайын администратор белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдин негизинде үчүнчү жактын тескөөсүндө турган карыз тараптын мүлкүн келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн акырына чейин кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок. Атайын администратор үчүнчү жактан карыз тарапка тиешелүү эсеп жана бухгалтердик документтерди талап кылууга (көчүрмөсүн алууга) укуктуу.

2. Атайын администратор белгиленген тартипте келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин карыз тараптын мүлкү тескөөсүндө турган үчүнчү жакка алдын ала кабарлоо менен бул мүлктү ошол келишим боюнча карыз тараптын милдеттенмелерин өзүнө алууга макул болгон башка жакка сатууга укуктуу.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-68)  
Кийинки берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-70)
