# 671-статья. Келишимдердин укуктук режими

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 4-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2017 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989795..989796>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 671-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-671

---

1. Администратор банкроттук процесси башталганга чейинки карыз тарап менен түзүлгөн, эки тарап тең толук же жарым-жартылай аткарышпаган келишимдерди аткаруудан төмөнкү жагдайлардын бири болгондо баш тартат:

1) келишим аффилирленген жак менен түзүлсө;

2) келишим мурда түзүлгөн ушундай келишимдерге салыштырмалуу карыз тарап үчүн оор шарттарды камтыса;

3) келишим узак мөөнөттүү болуп саналса (бир жылдан ашык) же болбосо карыз тарап үчүн натыйжаларды алуу узак мөөнөттүү келечекке эсептелген болсо;

4) карыз тараптын келишимди аткаруусу кредиторлор үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келсе.

2. Администратор тарабынан аны аткаруудан баш тартуу тууралуу чечими кабыл алынган келишимдин тарабы администратор чечим кабыл алган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттүн ичинде банкроттук жөнүндө иш. боюнча өндүрүштүк жол-жободо келишимди аткаруудан баш тартуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга тийиш.

3. Электр жана жылуулук энергиясын жеткирүүчүүлөр, суу чарбасы жана канализациялык системалар, байланыш, карыз тараптын мүлкүн кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр, ошондой эле карыз тараптын чарбалык ишин улантуу жана мүлкүн сактоо үчүн башка кызмат көрсөтүүчүлөр менен карыз тарап түзгөн келишимдер карыз тарапты банкрот деп таануу себеби боюнча бузулбайт. Эгерде администратор ушул келишимдерди аткарууну улантуу чечимин кабыл алса, банкроттук процесс башталгандан кийин аларды аткаруу жана пайда болушу менен байланышкан чыгымдар банкроттук процесстин сарптоолоруна кирет.

(КР 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-67)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-68)
