# 63-статья. Убактылуу администратордун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 3-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 63-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-63

---

1. Убактылуу администратор сот тарабынан дайындалган учурдан тартып карыз тараптын ишин башкаруу жана аны көзөмөлдөө боюнча милдеттерин аткарууга киришет.

Карыз тараптын бардык активдерин сактоо максатында сот чечим кабыл алганга чейин алар убактылуу администратордун карамагына жана көзөмөлдүгүнө өтөт.

2. Карыз тараптын бардык жетекчилери, кызматкерлери жана катышуучулары убактылуу администратор менен кызматташууга жана, анын имаратка, активдерге, банк эсептерине жана документтерге киришине тоскоолдук кылбашы керек.

Убактылуу администраторду дайындоо карыз тарапка, анын ичинде убактылуу администраторго карата үчүнчү жактардын милдеттенмелерин аткаруусун токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Убактылуу администратор карыз тараптын эсебинен толук же иргеп аудитордук текшерүү, инвентаризациялоо же текшерүү жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.

Убактылуу администратор бардык жетекчилерди жана катышуучуларын, акыркы финансылык жылда жетекчи жана катышуучу болгондорду карыз тарапка тиешелүү бардык отчетторду жана маалыматтарды өзүнө берүүгө, ошондой эле дагы башка жардам көрсөтүүгө милдеттендирүүгө укуктуу. Убактылуу администратор өзүнө билдирилген коммерциялык сырларды жана жашыруун маалыматты таркатууга укуксуз жана аны карыз тараптын кызыкчылыгында гана пайдаланышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматты убактылуу администратор сотко, администраторго (эгерде ал дайындалса), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда башка жактарга да берүүгө милдеттүү.

4. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Ыйгарым укуктарын ишке ашырууда убактылуу администраторго тоскоолдук кылган адамдар сотко тоскоолдук кылган катары эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.

6. Убактылуу администратор дайындалган учурдан тартып, карыз тараптын милдеттенмелерин аныктоого багытталган соттук же башка аракеттер улантылат, бирок мажбурлоо тартибинде аткарылышы мүмкүн эмес (кредитордун күрөө менен камсыз кылынган аракеттеринен бөлөктөр).

7. Убактылуу администратор, эгерде ал активдерди сактоо үчүн зарыл деп эсептесе же объективдүү себептер менен карыз тараптын чарбалык ишин токтото албаса, карыз тараптын ишин кайра жаңырта же уланта алат.

Мында убактылуу администратор карыз тараптын ишин улантуу үчүн зарыл болгон бүтүмдөр боюнча учурдагы төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. Убактылуу администратор жалпы башкаруу функцияларын жүзөгө ашырган кызматкерлер (жетекчи, анын орун басарлары, башкы бухгалтер жана кызматкерлер) менен эмгек келишимин кайра түзүүгө же бузууга укуктуу эмес.

8. Убактылуу администратор төмөнкүлөргө:

1) катышуучуларынан, жетекчилерден, кызматкерлерден жана өткөн финансылык жылы карыз тарап менен байланышы бар адамдарды кошо алганда карыз тарапка байланышы бар адамдардан түшүнүк жана маалымат алууга;

2) карыз тараптан же ага байланышы бар адамдардан, карыз тарап укуктуу болгон бардык бухгалтердик китепчелерди жана отчетторду (эгерде ал буга макул болсо, алардын көчүрмөлөрүн) талап кылууга жана өзүнүн тескөөсүнө алууга укуктуу.

9. Убактылуу администратор өзү дайындалган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде карыз тараптын финансылык абалы жөнүндө сотко отчет берүүгө милдеттүү. Мындай отчет үчүн маалымат жетишсиз болгон учурда ал убактылуу отчет бере алат.

Сот банкроттук процессинин башталышы жөнүндө чечим чыгарганда же атайын администраторду четтеткенде, бошоткондо анын отчетун көңүлгө алууга тийиш. Банкроттук процесси соттун катышуусуз жүргүзүлгөндө убактылуу администратор кредиторлордун чогулушуна карыз тараптын финансылык абалы тууралу отчет берет.

10. Убактылуу администpатоpдун башка укуктаpы жана милдеттеpи ал дайындалган учуpда сот таpабынан аныкталышы мүмкүн. Заpыл учурда убактылуу администpатоp өз укуктарына жана милдеттерине тиешелүү маселелеp боюнча сотко кайpыла алат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-64)
