# 54-статья. Карыз тараптын эсептери

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989797..7695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 54-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-54

---

1. Карыз тарапты жоюуда атайын администратор анын банктагы же башка финансы-кредиттик уюмдагы сомдук бир гана эсебин (негизги эсебин жана бир валюталык эсебин (зарыл учурда)) пайдаланууга милдеттүү. Карыз тараптын банктагы же башка финансы-кредиттик уюмдардагы жоюу башталган учурда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде табылган башка эсептери атайын администратор тарабынан жабылууга тийиш. Мындай эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары карыз тараптын негизги эсебине которулууга тийиш.

2. Жоюу процедурасын ишке ашыруунун натыйжасында келип түшкөн акча каражаттары негизги эсепке кириштелет. Ушул эле эсептен банкроттук процессинин чыгымдары төлөнөт. Жоюу жол-жобосу аяктаганда карыз тараптын негизги эсеби жабылууга тийиш.

3. Атайын администратор карыз тараптын акча каражаттарын пайдалануу тууралу отчетту айына бир жолудан ашырбай соттун, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын, кредиторлордун (комитеттин) чогулушунун талаптары боюнча аларга берип турат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-§. Реструктуризация

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-55)
