# 53-статья. Карыз тарапты жоюуда атайын администратордун ыйгарым укуктары

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2006 года № 132 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1923)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2006 [Закон КР от 27 июля 2006 года № 132 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1923); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989788..989789>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 53-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-53

---

1. Атайын администратор дайындалган учурдан тартып карыз тараптын активдерин жана чарбалык иш-аракетин башкаруу боюнча бардык ыйгарым укук карыз тараптын катышуучуларынан жана башкаруу органдарынан атайын администраторго өтөт.

2. Карыз тараптын башкаруу органдары атайын администратор дайындалган учурдан тартып карыз тараптын бухгалтердик, архивдик жана башка документтерин, мөөрүн жана штамптарын, материалдык жана башка баалуулуктарын атайын администраторго өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Көрсөтүлгөн милдеттен качкан учурда карыз тараптын башкаруу органдары (жетекчиси) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Жоюу учурунда атайын администратор ушул Мыйзамда каралган укуктарды пайдаланат жана милдеттерди көтөрөт, ошондой эле:

1) карыз тараптын мүлкүн карамагына алат, инвентаризация жана баалоо жүргүзөт жана мүлктү сактоо боюнча чара көрөт;

2) карыз тараптын финансылык абалын тандап изилдейт;

3) карыз тараптын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык алдыда күтүлгөн иштен бошотуу тууралу кабарлайт;

4) кредиторлордун карыз тарапка койгон талаптары боюнча белгиленген тартипте каршылыгын билдирет;

5) ушул Мыйзамга каршы келбеген башка чараларды көрөт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-52)  
Кийинки берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-54)
