# 5-статья. Атайын администрациялоо жол-жоболорунун негизги жоболору

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 5-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-5

---

1. Жоюу:

1) юридикалык жакка карата колдонулат;

2) жоюлуучу массага кирген карыз тараптын активдерин алып коюуну, ажыратууну, ошондой эле кийин анын кредиторлорунун пайдасына бөлүштүрүүнү карайт;

3) жоюу жол-жобосу бүткөндөн кийин юридикалык жактардын мамлекеттик реестринде жазуу жок кылынат жана карыз тараптын иш-аракети токтотулат.

2. Жекече ишкердин банкроттугу:

1) жекече ишкер катарында катталган жеке жакка карата колдонулат;

2) соттук тартипте гана жүргүзүлөт;

3) жоюу массасына кирген карыз тараптын активдерин алып коюуну, ажыратууну, ошондой эле кийин анын кредиторлорунун пайдасына бөлүштүрүүнү карайт;

4) сот жекече ишкерди дисквалификациялашы мүмкүн, тактап айтканда, ушул Мыйзамда аныкталган мөөнөт аралыгына ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүүгө ага тыюу салат.

3. Реструктуризациялоо:

1) юридикалык жакка карата колдонулат;

2) катышуучуну (катышуучуларды) алмаштырууну жана бир жаңы же бир нече жаңы юридикалык жактарды уюштурууну карайт;

3) жаңы же бир нече жаңы юридикалык жактар, ошондой эле карыз тараптын калган активдери кредиторлордун талаптарын канааттандыруу максатында сатылат (ээлектен);

4) реструктуризациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин карыз тараптын иш-аракети токтотулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-6)
