# 4-статья. Банкроттук процесси

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989791..989792>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 4-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-4

---

1. Банкроттук процесси деп ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу карыз тараптын кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу, карыз, тараптын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, болбосо анын иш-аракетин токтотуу максатындагы ыйгарым укуктуу органдардын, соттордун, мыйзамда белгиленген тартипте атайын дайындалган администраторлордун, (убактылуу администраторлордун, атайын администраторлордун, консерваторлордун, тышкы башкаруучулардын), кредиторлордун атынан жасалган мамлекеттин иш-аракетти түшүнүлөт.

2. Банкроттук процесси төлөөгө жөндөмсүз карыз тараптын кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу каражаты болуп саналат.

3. Банкроттук процесси башталгандан кийин же карыз тараптын банкроттук процессинде карыз - юридикалык жакты жоюу же реструктуризациялоо жол-жобосун өткөрүү усулу менен болбосо жекече ишкерди банкрот кылуу усулу менен жүргүзүлүүчү атайын администрациялоо колдонулушу мүмкүн.

4. Банкроттук процессин козгогондон кийин же карыз тараптын банкроттук процессинде төмөнкүдөй:

1) санация;,

2) реабилитация;

3) жарашуулар;

4) (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

5) атайын администрациялоо.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-5)
