# 31-статья. Атайын администpатоpду дайындоонун натыйжалаpы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989791..989792>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 31-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-31

---

1. Атайын администраторду дайындаган учурдан тартып, ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган кесепеттер келет.

2. Кpедитоpлоpдун чогулушунун атайын администpатоpду дайындашы күpөө менен камсыз болгон кpедитоpдун укуктаpына таасиpин тийгизбейт. Ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адам Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpында каpалган таpтипте күpөө мүлкүнө ээлик кылууга укугу баp.

3. Атайын администратор өзүнүн дайындалышы жөнүндө карыз тараптын негизги ишин жүзөгө ашыруудагы орду боюнча республикалык жана областтык (же жергиликтүү) газетага аны бекитүү тууралу ушул Мыйзамдын 30-1-статьясына ылайык кабыл алынган кредиторлордун чогулушунун же соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши менен чечим кабыл алынгандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен жарыялоого милдеттүү.

Билдирүүдө төмөнкүлөр:

1) банкрот деп табылган карыз тараптын аталышы жана башка реквизиттери;

2) карыз тарапты банкрот деп табуу жана атайын администрациялоо процесстеринин башталышы жөнүндө кредиторлордун чогулушунда чечим кабыл алынган дата;

3) кредиторлордун талаптарын коюунун зарылдыгы;

4) атайын администратор жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 3-§. Сот катышкан атайын администрациялоо (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

---

Мурунку берене: [301-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-301)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-32)
