# 30-статья. Кpедитоpлоpдун чогулушунун чечимдеpи

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=34850..44234>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 30-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-30

---

1. Кpедитоpлоpдун жалпы чогулушунда:

1) карыз тарапты банкрот деп жарыялоо жана сот катышпаган атайын администрациялоо жол-жобосун карыз тарапка жүргүзүү жөнүндө;

2) карыз тарапты банкрот деп табуу жана соттун катышуусу менен карыз тарапты атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу тууралу;

3) сот катышпаган карыз тарапка карата атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жана карыз тарапты банкрот деп жарыялоодон баш тартуу жөнүндө (мындай учурларда карыз тарап өзүн банкрот деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрыла алат);

4) өткөpүүнүн убактысы жана мезгили ушул чогулушта белгилене туpган кpедитоpдун кийинки чогулушуна чейин өз чечимдеpин кийинкиге калтыруу жөнүндө чечимдеp кабыл алынышы мүмкүн.

1-1. Кредиторлордун чогулушунун чечими пландан тышкаркы көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлгөнгө чейин чыгарылышы мүмкүн эмес.

2. Кредиторлордун чогулушунун чечими кредиторлорго жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттүн ичинде анын тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү талабы менен заказдык кат менен жөнөтүлөт же тил кат алуу менен алардын өз колуна тапшырылат. Бул мөөнөт карыз тараптын кредиторлорунун саны элүүдөн ашса кредиторлордун чогулушу тарабынан узартылышы мүмкүн.

Кредиторлордун чогулушунун чечими менен макул болбогон кредитор же карыз тарап кредиторлор тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин жети календарлык күндүн ичинде бул чечим боюнча сотко даттанууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-29)  
Кийинки берене: [301-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-301)
