# 2732-статья. Апелляциялык инстанциядагы өндүрүш

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2732-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2732

---

1. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча апелляциялык инстанциядагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Апелляциялык даттануу сот тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн ичинде чечим же аныктама кабыл алган сотко берилет.

3. Апелляциялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы даттануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.

4. Апелляциялык даттануу ал сотко келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2731-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2731)  
Кийинки берене: [217-33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-217-33)
