# 2730-статья. Соттук чыгымдарды жана администраторго сый акы төлөөгө кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2730-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2730

---

1. Төлөө кийинкиге калтырылган же узартылган мамлекеттик алым боюнча чыгымдарды, ошондой эле администраторго сый акы төлөөгө чыгымдарды кошо алганда, соттук бардык чыгымдар карыз тараптын мүлкүнө кирет жана ушул Мыйзамга ылайык ушул мүлктүн эсебинен толукталат.

2. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө сот чечим кабыл алган учурда, ушул Мыйзамдын 27-5-статьясынын 3-пунктунун талаптарына ылайык арыз берүүчү тарабынан төлөнгөн мамлекеттик алым биринчи кезектеги банкроттук процессинин чыгымдары катары арыз берүүчүгө толугу менен орду толтурулат.

Банкроттук жөнүндө ишти кароо учурунда карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызда көрсөтүлгөн өлчөмдөн кредитордун талабынын өлчөмү аз экендигин аныктаса, мамлекеттик алым сот тарабынан белгиленген суммага жараша жарым-жартылай орду толтурулат.

3. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу жөнүндө банкроттук жөнүндө иш козголгон учурда, карыз тараптын банкроттук белгилеринин жоктугуна байланыштуу жогоркудай чечим кабыл алынган учурда, ушул статьянын 1-пунктунда каралган чыгымдар сотко кайрылган арыз ээсинин чыгымына кирет жана алардын талабы бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлөт.

4. Соттук чыгымдарды жана администраторго сый акы төлөөгө кеткен чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартиби банкроттук жөнүндө ишти кароонун натыйжасы боюнча кабыл алынган соттун чечими же аныктамасы менен белгиленет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2729-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2729)  
Кийинки берене: [2731-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2731)
