# 2728-статья. Арызды кароосуз калтырууга негиздер

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2728-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2728

---

1. Төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамдын 27-13-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар сот тарабынан аныкталса;

2) арыз берүүчү же анын өкүлү сотко катышпай жана алардын катышуусуз ишти кароо жөнүндө билдирбесе, карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызды сот кароосуз калтырууга укуктуу.

2. Арызды кароосуз калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат. Соттун аныктамасында мыйзамда белгиленген учурларда, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн. Арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктамага даттанууга болбойт.

3. Арызды кароосуз калтыруу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар четтетилгенден кийин арыз ээси жалпы тартипте сотко кайрадан арыз менен кайрылууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-27-27)  
Кийинки берене: [2729-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2729)
