# 2725-статья. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтотуу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2725-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2725

---

1. Эгерде Мыйзамда башкача каралбаса, банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтотуу сот тарабынан ишке ашырылуучу процессуалдык иш-аракеттин белгисиз мөөнөтүнө чейин (ишти кароого тоскоол болгон окуянын узактыгына жараша) токтотууну билдирет.

2. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн сот төмөнкүдөй:

1) аталган ишти конституциялык, граждандык, административдик же кылмыш-сот өндүрүшү тартибинде каралуучу маселе же башка иш боюнча чечим кабыл алганга чейин кароого мүмкүн болбогон;

2) аталган ишти бейтарап сот, чет өлкөлүк сотто каралуучу башка иш же маселе боюнча чечим кабыл алганга чейин кароого мүмкүн болбогон;

3) эгерде арыз берүүчү жана карыз тарап иш өндүрүшүн токтотуу жөнүндө биргелешкен өтүнүч менен сотко кайрылган;

4) эгерде карыз тарап арыз берүүчүнүн талабын ушул Мыйзамдын 27-26-статьясынын талаптарына ылайык иш өндүрүшү козголгондон кийин толугу менен канааттандырууга макул болгон учурларда токтотуп коет:

Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтото туруу үчүн негиздердин ушул тизмеси акыркы болуп саналат жана соттун кароосу боюнча кеңейтилиши мүмкүн эмес.

3. Банкроттук жөнүндө иш өндүрүшүн токтото туруу жөнүндө сот негизделген аныктама чыгарат, ага даттанса болот.

4. Иш өндүрүшү токтотулган учурда сот арыз берүүчүнүн арызы боюнча карыз тараптын активдерин чечим кабыл алынганга чейин сактоо максатында убактылуу администратор дайындоого милдеттүү.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2724-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2724)  
Кийинки берене: [2726-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2726)
