# 2724-статья. Карыз тараптын банкроттук процессин аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989782..989783>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2724>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2724.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2724-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2724

---

1. Карыз тараптын банкроттук процессин аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сот тарабынан белгиленген банкроттук процессинин жол-жобосу аяктаганда;

2) жалган банкроттук фактысы аныкталганда кабыл алынат.

2. Карыз тараптын банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы карыз болгон - юридикалык жакты жоюу менен аяктаса, мамлекеттик реестрден карыз тарапты чыгарып салуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Эгерде карыз болгон юридикалык жактын банкрот процесси аяктаганда ал төлөөгө жөндөмдүү деп табылса, анда анын банкроттук процессинин аякташы жөнүндө соттун аныктамасы юридикалык жактын (анын катышуучуларынын макулдугу менен) ишин улантууга негиз болуп саналат.

4. Жекече ишкер катарында жаран ишин ушул Мыйзамдын 122-статьясына ылайык уланта алат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2723-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2723)  
Кийинки берене: [2725-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2725)
