# 2723-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2723>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2723.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2723-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2723

---

1. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу тууралу соттун чечими, ушул Мыйзамдын 9, 9-1, 27-17-статьяларында, 27-статьянын 1-пунктунда каралган банкроттуктун белгилери аныкталбаган учурда кабыл алынат.

2. Карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартуу тууралу соттун чечими карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө жана (же) убактылуу администраторду дайындоо жөнүндө арызды кабыл алуунун кесепеттерин токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Карыз тарап арыз берүүчүдөн банкрот деп табуу жөнүндө негизсиз арыз берүүнүн натыйжасында, ага келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Карыз тараптын чыгымдарынын ордун толтуруу маселеси ошол эле заседаниеде аны банкрот деп табуудан баш тартуунун натыйжасында сот аркылуу чечилет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2722-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2722)  
Кийинки берене: [2724-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2724)
