# 2722-статья. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө чечимди басма сөзгө жарыялоо жана администраторду дайындоо

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 07.07.2016 [Закон КР от 7 июля 2016 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111382); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2722-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2722

---

1. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө билдирүү администратор тарабынан карыз тараптын мүлкүнүн эсебинен өзү дайындалгандан тартып беш календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.

Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечимин кассациялык тартипте жоюу тууралу билдирүү да ошондой эле тартипте жарыяланууга тийиш.

2. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечимин жарыялоо төмөнкүлөрдү:

1) банкрот деп табылган карыз тараптын аталышы жана башка реквизиттерин;

2) карыз тараптын банкроттугу жөнүндө иш өндүрүшүн караган соттун аталышын;

3) карыз тарапты банкрот деп табуу жана банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо жөнүндө соттун чечими кабыл алынган күн;

4) ушул Мыйзамда белгиленген кредиторлордун талаптарын коюу мөөнөтү;

5) администратор жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.

3. Карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө соттун чечимин кассациялык тартипте жоюу тууралу жарыя төмөнкүлөрдү:

1) банкрот деп табылган карыз тараптын аталышы жана башка реквизиттери;

2) карыз тараптын банкроттугу жөнүндө иш өндүрүшүн караган соттун аталышы;

3) карыз тараптын төлөөгө жөндөмсүздүгү фактысын белгилөө, карыз тарапты банкрот деп табуу жана банкроттук процессинин жол-жобосун дайындоо жөнүндө соттун чечимин жокко чыгаруу тууралу соттун чечими кабыл алынган күн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2721-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2721)  
Кийинки берене: [2723-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2723)
