# 2719-статья. Соттун аныктамасы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 13.06.2007 [Закон КР от 13 июня 2007 года № 88 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/20221); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2719>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2719.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2719-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2719

---

1. Банкроттук иш боюнча сот төмөнкүдөй учурларда:

1) карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арызды алганда;

2) арызды алуудан баш тартканда;

3) арызды кайтарып бергенде;

4) иш өндүрүшү токтотулганда;

5) ишти кароо кийинкиге калтырылганда;

6) арыз кароосуз калганда;

7) банкроттук процессинин бир жол-жобосунан экинчисине өткөндө;

71) банкроттук жол-жобо соттон тышкары тартиптен сот тартибине айландырылганда;

8) иш өндүрүшү токтотулганда;

9) тынышуу келишимин бекиткенде;

10) тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартканда;

11) карыз тараптын банкроттук процесси аяктаганда;

12) карыз тарапты банкрот деп жарыялаганда, атайын администрациялоо жана атайын администраторду соттон тышкаркы тартипте дайындоо жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечимдерин ушул Мыйзамдын 30-1-статьясы менен кабыл алынган тартипте бекиткенде;

13) карыз тарапты банкрот деп жарыялаганда, атайын администрациялоо жана атайын администраторду соттон тышкаркы тартипте дайындоо жөнүндө кредиторлор чогулушунун чечимдерин ушул Мыйзамдын 30-1-статьясы менен кабыл алынган тартипте бекитүүдөн баш тартканда;

14) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда аныктама чыгарат.

2. Сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин эрежелери боюнча өзүнчө акт түрүндө аныктама чыгарат.

3. Соттун аныктамасы ал кабыл алынган учурдан тартып он күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысы чыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

5. (КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Соттун аныктамасы апелляциялык аныктама кабыл алынган учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2007-жылдын 13-июнундагы № 88, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2718-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2718)  
Кийинки берене: [2720-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2720)
