# 2713-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берүү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2713-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2713

---

1. Сот төмөнкү учурларда:

1) ушул Мыйзамдын 26-6 - -статьялары менен аныкталган талап-

тар сакталбаса;

2) иш аталган сотко караштуу болбосо;

3) арыздын көчүрмөсүн карыз тарапка жөнөтүүнүн (берүүнүн) далилдери кредитор тарабынан көрсөтүлбөсө;

4) орнотулган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымдарды же башка соттук чыгымдарды төлөөнү ырастоочу документтер көрсөтүлбөсө, ал эми мыйзам тарабынан мамлекеттик алымдарды кийинки мөөнөткө калтыруу, төлөө мөөнөтүн узартуу же анын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда бул тууралу өтүнүч кат жок болсо же өтүнүч кат четке кагылса;

5) арызды өндүрүшкө кабыл алуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин арыз берүүчүдөн арызды кайтарып алуу тууралу арыз түшсө, карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берет;

6) эгерде акчалай милдеттенменин болушунун өлчөмүн жана фактысын белгилеген, же ушул Мыйзамдын 27-2-статьясынын 2-пунктуна ылайык талаштарды (дооматты) жөнгө салуунун сотко чейинки жол-жоболорун далилдеген мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты арызга тиркелбесе.

2. Сотко кайрылуу карыз тарап үчүн ушул Мыйзамга ылайык милдеттүү болсо жана аталган арызга ушул Мыйзамдын каралган до-

кументтер тиркелбесе, мындай арыз сот тарабынан кабыл алынат, ал эми жетпеген документтер банкроттук тууралу ишти соттук териштирүүгө даярдоодо суралып алынат.

3. Судья арызды кайтарып берүү тууралу аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөндөн тартып, беш күндөн кечиктирилбестен, арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт.

4. Кассациялык тартипте аныктама жокко чыгарылган учурда, арыз сотко кайрылган биринчи күнү берилди деп эсептелет.

5. Арызды кайтарып берүүгө жол берилген укук бузуулар четтетилгенден кийин жалпы тартипте сотко экинчи жолу ушул арыз менен кайрылууга тоскоол болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2712-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2712)  
Кийинки берене: [2714-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2714)
