# 2712-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1059); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-2712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2712-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2712

---

1. Сот төмөнкү учурларда:

1) карыз тарап ушул Мыйзамдын негизинде банкрот деп таанылышы мүмкүн эмес болсо;

2) карыз тарап мурда банкрот деп таанылса (сотсуз тартипте жарыяланса) жана ага карата банкроттук процессинин жол-жобосу жүргүзүлүп жатса;

3) карыз тарап жоюлса (жекече ишкер катары иш-аракети токтотулса) жана мамлекеттик реестрден алынып ташталса;

4) карыздын суммасы ушул Мыйзамдын 9-1-статьясынын 1-пункту тарабынан орнотулган эн төмөн өлчөмгө дал келбесе;

5) ушул Мыйзамдын 27-2-статьясына ылайык арыз берүүчү сотко кайрылууга укуктуу эмес болсо;

6) ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предметтер тууралу жана ошол эле негиздерге ылайык банкроттук тууралу иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болсо, карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кабыл алуудан баш тартат;

7) эгерде банкроттук жөнүндө арыз сотко келип түшкөн болсо же иш өндүрүшүнө кабыл алынса, бирок бир эле жак жоопкер болгон иш сот тарабынан карала элек болсо арызды кабыл алуудан баш тартат.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартылган учурда, сот жүйөлүү аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып, беш күндөн кечиктирилбестен, арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт.

3. Кассациялык тартипте аныктама жокко чыгарылган учурда, арыз сотко кайрылган биринчи күнү берилди деп эсептелет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2711-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2711)  
Кийинки берене: [2713-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2713)
