# 27-27-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-27-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 27-27-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-27-27

---

1. Банкроттук жөнүндө иш ошол соттук заседаниеде, анын ичинде ишке катышкан же соттук процесске катышуучу кайсы бир адамдын келбегендигинен улам же кошумча далилдерди табуу зарылдыгы болгондо, сот ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

2. Карыз тараптын же анын өкүлүнүн жүйөлүү себептерсиз соттун заседаниесине келбей калышы ишти кароону кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Ишти кийинкиге калтыруу ушул Мыйзамдын 27-16-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде жүргүзүлөт. Ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат, анда соттун жаңы заседаниесинин убактысы жана орду көрсөтүлөт. Соттун аныктамасы ишке катышкан адамдарга заказ кат менен кабарлоо аркылуу же болбосо кол койдуруу менен өздөрүнө тапшырылат.

4. Ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктамага даттанууга болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2726-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2726)  
Кийинки берене: [2728-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2728)
