# 23-статья. Юридикалык жактарды жана жекече ишкерлерди, баалуу кагаздар эмиссиясын мамлекеттик каттоо, каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик органга, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга маалымдоо

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 10.08.2005 [Закон КР от 10 августа 2005 года № 146 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1744); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989791..989792>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 23-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-23

---

1. Мамлекеттик реестрге тийиштүү жазууларды киргизүү үчүн администратор дайындалгандан тартып үч күндүк мөөнөттө юридикалык жактарды жана жекече ишкерлерди, баалуу кагаздар эмиссиясын мамлекеттик каттоо, каттоочу мамлекеттик органдарга, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү. Билдирүү төмөнкү учурларда:

1) жүргүзүлгөн жол-жобону жана администратор тууралу маалыматтарды көрсөтүү менен карыз тарапты банкрот деп таанууда (жарыялоодо) жана банкроттук процесси башталганда;

2) жүргүзүлүп жаткан банкроттук процессинин жол-жобосун башка жол-жобого айландырууда;

3) банкроттук процессинде жүргүзүлгөн жол-жоболорду аяктаганда;

4) банкроттук процесси аяктаганда жиберилет.

2. Банкроттук процесси аяктаган учурда мамлекеттик реестрде карыз тараптын банкроттугу тууралу жазуу жок кылынат.

3. Юридикалык жактын карыз тарабын жоюу менен банкроттук процессин аяктоо учурунда бул карыз тарап реестрден алынып ташталат жана анын иш-аракети токтотулат.

4. Жекече ишкер сот тарабынан банкрот деп таанылган учурдан тартып жекече ишкер катары анын катталышынын күчү жоголот.

5. Юридикалык жактарды жана жекече ишкерлерди каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик органдын ушул статьяда аталган иш-аракеттери администратордун тийиштүү билдирүүсү алынган күндөн тартып жети күндүн ичинде жасалууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2005-жылдын 10-августундагы № 146, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-24)
