Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
217-33-статья. Кассациялык инстанциядагы өндүрүш
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
11. Банкроттук жөнүндө иш боюнча кассациялык инстанциядагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кассациялык тартипте соттун чечимин же аныктамасын кайра кароо жөнүндө арыз чечим же аныктама күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүн ичинде чечимди же аныктаманы кабыл алган сот аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. Аппеляциялык тартипте даттанылбаган, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кассациялык тартипте кайра каралбайт. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды берүүнүн процесстик мөөнөтү, эгер мындай соттук акты күчүнө кирген учурдан тартып үч айдан ашык убакыт өтсө, сот тарабынан калыбына келтирилбейт.
3. Кассациялык тартипте соттун чечимин же аныктамасын кайра кароо жөнүндө арызды өндүрүшкө кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанцияга арыз түшкөн учурдан тартып беш күндүн ичинде аныктама чыгарат.
4. Кассациялык тартипте соттун чечимин же аныктамасын кайра кароо жөнүндө арыз ал иш менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат. Өзгөчө учурларда арызды кароонун көрсөтүлгөн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок бир айдан ашпоого тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык тартипте карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арыз берген жактын өтүнүчү (арызы) боюнча атайын администраторго карыз тараптын мүлкүн тескөөгө байланышкан иш-аракеттерди жасоого тыюу салууга укуктуу.
(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-217-33" title="217-33-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>