# 2-17-статья. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 2-17-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2-17

---

1. Чечим кабыл алууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маселелер сот тарабынан чечилет. Мындан тышкары, сот иш үчүн мааниси бар төмөнкүдөй кырдаалдарды:

1) арыз берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 27-2-статьясына ылайык карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арыз берүүгө укугунун бар же жок экендигин;

2) карыз тарап банкроттук процессине туура келүүчү субъекти болуп санала тургандыгын;

3) банкроттук белгилерин аныктоо үчүн ушул Мыйзамдын 9-1 жана 11-статьяларында белгиленген талаптарга карыз өлчөмдөрүнүн туура келе тургандыгын;

4) талап келип чыккан кредиторго карыз тараптын милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына же тараптардын келишимине жооп бере тургандыгын;

5) арыз берүүчүнүн талаптарынын негиздүүлүгүн аныктоого тийиш.

2. Эгерде карыз тарап сотко өзүнүн төлөөгө жөндөмдүү экендиги тууралу арыз берсе, сот карыз тарапка ушул Мыйзамдын 27-26-статьясында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте карызын төлөөгө мүмкүндүк бериши мүмкүн. Андай болбогон учурда, карыз тарап банкрот деп табылып, ага карата банкроттук процессинин жол-жоболорунун бири дайындалууга тийиш.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2716-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2716)  
Кийинки берене: [2718-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2718)
