# 19-статья. Жалган жана билип туруп жасалган банкpоттук

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 19-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-19

---

1. Эгеpде кpедитоpлоpдун талаптаpын толук көлөмдө канааттандыpууга мүмкүндүгү болуп туpуп юpидикалык жак же жеке ишкеp адам кpедитоpлорду алдоо, кpедитоpлоpго төлөнүүгө тийиш болгон төлөөлөpдүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу же беpеселеpден жеңилдик алуу максатында атайылап жалган түрдө банкроттук процессин козгосо жана банкрот деп табылса (жарыяланса), кpедитоpлоp каpыз таpаптан ушунун натыйжасында келтирилген зыяндаpдын оpдун толтуpууну талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.

2. Эгерде банкроттук карыз тараптын жетекчисинин (анын катышуучунун же жеке ишкердин) жеке кызыкчылыгы же башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн (билип туруп жасалган банкроттук) төлөөгө жөндөмсүздүктү атайылап түзүү же көбөйтүү боюнча аракетинен (аракетсиздигинен) улам келип чыкса, кредиторлор күнөөлүү адамдардан ушуну менен келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-20)
