# 18-статья. Банкроттук процесси учурундагы укукка жат аракеттер

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 18-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-18

---

1. Банкроттук процессинде аткарылган иш-аракеттер мыйзамга ылайыксыз деп эсептелет, эгерде алар кайсы гана жак болбосун, анын ичинде мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 1-пунктунда каралган окуялардын бири башталгандан кийин жасалса, же ушул иш-аракеттерди жасаган жак, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1- жана 2-пункттарына ылайык карыз тараптын төлөөгө кудуретсиз экендигин билсе. Төмөндөгүлөр:

1) жалган банкроттук процессин козгоо;

2) мүлктү мыйзамга ылайыксыз жашыруу, камакка алуу, тартып алуу, ээлеп алуу, чыгарып таштоо, бирөөгө берүү же карыз тараптын карыздарын жашыруу, анын ичинде банкроттук процесси башталгандан кийин;

3) жазууларды жашыруу, жок кылуу, бурмалоо же карыз тарапка тийиштүү документтерге жалган жазууларды киргизүү;

4) митаамчылык менен карыз тарапка талап коюу;

5) кредитке алынган же төлөнбөгөн болбосо башка жакка берилген күрөө предмети болуп эсептелген карыз тараптын мүлкүн күрөөгө берүү же сатуу жана мындай күрөөнүн шарттары кайрадан күрөөгө берүүгө же күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салат;

6) акча каражаттарын, активдерди, компенсацияларды берүү, сунуш кылуу, алуу, ошону менен катар бардык артыкчылыктарга ээ болууга же банкроттук процессинде кандайдыр-бир иш-аракетти жасоого же жасабоого сөз берүүдөн пайда табууга аракет кылуу;

7) карыз тарап, анын карыздары менен карыз милдеттенмелери тууралу башка маалыматтын же мүлктүн табылуу жана кайтарылып берүү ишинде администратор менен кызматташуудан баш тартуу болбосо администраторго жалган маалымат берүү;

8) карыз тараптын активдеринин түз жана кыйыр администратордун өз менчигине алынышы;

9) банкроттук процессине тийиштүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган тартипте өз иш-аракетин токтоткон карыз тараптын аталышын же товардык белгисин коммерциялык максаттарда колдонуу:

10) карыз тараптын төлөөгө кудуретсиздигин алдын-ала ниеттенүү менен түзүү же күчөтүү, ээ кызыкчылыгында же башка жактардын кызыкчылыктарында карыз тарапка зыян келтирүү;

11) администраторго өз милдеттерин аткарууда тоскоол кылуу;

12) администратордун мыйзамга ылайык талаптарын аткарбоо;

13) карыз тараптын мүлкү кимге, качан жана кандай таризде берилгендиги тууралу маалыматтарды соттон же администратордон жашыруу;

14) ушул Мыйзамдын 67-статьясында каралган бүтүмдөрдү жасагандыгы тууралу маалыматтарды карыз тараптын соттон же администратордон жашырышы;

15) алдын-ала ниеттенген же жалган банкроттук түшүнүгүнө дал келген иш-аракеттер;

16) башка кредиторлорго зыян келтирип өз талаптарын мыйзамга ылайыксыз каалаганындай канааттандырган учурда кредитордун карыз тараптан мүлк же акча алышы, ушундай аракеттерге таандык кылынат;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу.

2. Ушул статьяда каралган мыйзамга ылайыксыз иш-аракеттерди жасаган жактар Кыргыз Республикасынын граждандык жана жазык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

3. Ушул статья бул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда аталган жактарга карата колдонулбайт, эгерде бул жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнө берилген укуктарды жүргүзсө.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-19)
