# 137-статья. Коомдук фондулардын банкроттугун жөнгө салуу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 17-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 137-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-137

---

1. Коомдук фонддордун банкроттук процессине байланыштуу процесстер ушул главада каралган өзгөчөлүктөр менен, ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

2. Коомдук фонд сот тартибинде гана банкрот деп таанылышы мүмкүн. Карыздардын-коомдук фонддун банкроттук процессинде атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу усулу же тынышуу келишим колдонулат. Санация же реабилитация жол-жобосу колдонулбайт.

3. Карыздарга - коомдук фондго өз алдынча банкроттук процессин сот тартибинде козгоо көзөмөлдөө кеңешин же коомдук фонддун иш-аракети үчүн уюштуруу документтерине ылайык көзөмөл жүргүзгөн башкы органдын чечиминин негизинде коомдук фонддун жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

4. Коомдук фондду жоюу учурунда кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин анын калган мүлкү администратор тарабынан социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуу жана уставдык фондуда көрсөтүлгөн башка коомдук-пайдалуу максаттарга жумшалат.

5. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган коомдук фонддун банкроттук процессин жүргүзүүнүн башка өзгөчөлүктөрү банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-136)  
Кийинки берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-138)
