# 136-статья. Кредиторлордун талабын канааттандыруу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 16-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 136-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-136

---

1. Ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунун талаптарына ылайык, баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун карамагында турган кардарлардын баалуу кагаздары жана башка мүлкү жоюучу массага киргизилбейт.

2. Администратор кардарлар, баалуу кагаздар рыногунун башка профессионал катышуучулары тарабынан карыздарга - баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусуна башкарууга берилген баалуу кагаздарды кардарлардын макулдугу менен жана алардын атынан берүүгө укуктуу. Эгерде кардарлар менен администраторлордун макулдашуусунда башкача каралбаса, калган баалуу кагаздар кардарга кайтарылып берилүүгө тийиш.

3. Эгерде кардарларга тиешелүү баалуу кагаздардын бир түрүн (бир эмитент, бир категория, бир тип, бир серия) кайтарып берүүгө карата кардарлардын талабы жана кардардын атындагы өзүнчө эсепте турган, баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун карамагындагы көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санынан ашкандары кардардын талаптарына пропорциялуу өлчөмдө кайтарылып берилет.

Кардарлардын талабынын канааттандырылбаган бөлүгү, ушул Мыйзамда каралган тартипте акчалай милдеттенме болуп таанылат жана төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-135)  
Кийинки берене: [137-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-137)
