# 135-статья. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 16-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 135-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-135

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун сот катышпаган тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ал Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органына бул тууралу билдирүүгө жана иш-аракет жүргүзүүгө лицензиясын чакырып алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш. Лицензияны чакырып алуу тартиби лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

2. Ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда, атайын администрациялоо жол-жобосун ыктыярдуу баштоо өтүнүчү менен карыз тарапка кайрылуу менен бир эле учурда кредиторлор баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусунун лицензиясын чакырып алуу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органына да кайрылууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы тарабынан кредиторлордун арызын кароо жана тиешелүү чечим чыгаруу, ушул Мыйзамда каралган башка чараларды көрүү үчүн тоскоолдук келтирбейт.

---

Мурунку берене: [134-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-134)  
Кийинки берене: [136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-136)
