# 134-статья. Баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын банкроттугу жөнүндө ишти соттун кароосу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 16-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989782..989783>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 134-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-134

---

1. Ушул Мыйзамдын 27-4-статьясына ылайык соттук процесске катышуучу адам тарабынан баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын банкроттугу жөнүндө ишти караган учурда, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы таанылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) же кредиторлор чогулушуна баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучусун администратордун талапкерлигине сунуш кылууга укуктуу.

3. Карыздардын - баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучусун банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органынын лицензияны чакырып алуу жөнүндө көрсөтмөсү камтылууга тийиш.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [133-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-133)  
Кийинки берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-135)
