# 130-статья. Камсыздандыруу уюмунун банкроттугу жөнүндө ишти соттун кароосу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 15-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989782..989783>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 130-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-130

---

1. Камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу жөнүндө сотко кайрылууга камсыздандыруу уюмун көзөмөлдөө жана лицензиялоо органынын милдетин аткарган учурларды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органдары укуктуу. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, арыз сотко кредитордун арызына карата ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилет.

2. Ушул Мыйзамдын 27-3-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан камсыздандыруу уюмунун банкроттугу жөнүндө анын арызы боюнча иш каралган учурда, ишке катышкан адам тарабынан таанылат.

3. Ушул Мыйзамдын 27-4-статьясына ылайык соттук процесске катышуучу адам камсыздандыруу уюмунун банкроттугу жөнүндө ишти караганда Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан таанылышы мүмкүн.

4. Карыздарды - камсыздандыруу уюмун банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминде Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан лицензияны чакырып алуу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга (банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлгөндө) же кредиторлор чогулушуна камсыздандыруу уюмунун администраторунун талапкерин сунуш кылууга укуктуу.

(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-129)  
Кийинки берене: [131-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-131)
