# 13-статья. Кредиторлор чогулушунун чечим кабыл алышы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 13-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-13

---

1. Эгерде бул Мыйзамда башкача каралбаса:

1) кредитор (кредиторлордун комитети) тарабынан тиешелүү түрдө чакырылган кредиторлордун чогулушу, ага карыз тараптын жалпы суммасынын 51 жана андан ашуун процентине талапкер кредиторлор катышса, мыйзамдуу деп эсептелет;

2) карыз тарап же администратор тарабынан тиешелүү түрдө чакырылган кредиторлордун чогулушу, чогулушка катышкан кредиторлордун санына же алар талапкер болгон карыздын өлчөмүнө карабастан мыйзамдуу болуп саналат.

2. Эгерде карыз тараптын кредиторлорунун саны элүү адамдан ашпаса, анда чогулуштун төрагасы чогулушта кабыл алынган чечимди кредиторго чечим кабыл алынган күндөн тартып, үч күндүк мөөнөттө заказ кат менен кабарлоого же кол койдуруп, өзүнө тапшырууну камсыз кылууга милдеттүү. Бул мөөнөт карыз тараптын кредиторлорунун саны 50дөн ашса, кредиторлордун чогулушу менен узартылышы мүмкүн.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кредиторлордун биринчи же андан кийинки чогулушундагы бардык маселе боюнча чечими ага карыз тараптын карыздарынын суммасынын 51 же андан ашуун процентине (наркы боюнча көпчүлүгү) талапкерлер кредиторлордун чогулушунда ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Чогулушка катышпагандардын карыздарынын суммасы мааниге ээ болбойт.

4. Эгерде карыз тарап же администратор тарабынан тиешелүү түрдө чакырылган чогулушка кредиторлордун эч кимиси катышпаса, анда банкроттук процессинин чыгымдарын азайтуу максатында, кредиторлор карыз тараптын же администратордун сунушуна макул болду деп, ал эми чогулуштун күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер кабыл алынды деп эсептелинет.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-14)
