# 129-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 15-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 129-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-129

---

1. Төлөөгө кудуретсиз камсыздандыруу уюмдарынын банкроттук процессине байланыштуу мамилелер, ушул главада каралган өзгөчөлүктөр менен ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынат.

2. Ушул Мыйзамдын 92-статьясында көрсөтүлгөн кырдаалдардын бири келип чыкканда, ошондой эле төлөөгө кудуретсиз болгон учурда камсыздандыруу уюму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына дароо билдирүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына билдирилген учурдан тартып камсыздандыруу уюму ушул Мыйзамдын 21-статьясында каралган тартипке ылайык өзүнүн активдерин бөлүштүрүүгө милдеттүү.

3. Камсыздандыруу уюмдарынын банкроттук процессин соттук же соттон тышкары козгоодо демилге укугу Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына да таандык.

4. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы камсыздандыруу уюмунун банкроттук процессин өз учурунда уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынын ушул Мыйзамдын жоболорун бузган аракетинен же аракетсиздигинен келтирилген зыяндын орду сот тартибинде толтурулууга тийиш.

5. Камсыздандыруу уюмдарынын банкроттук процессииин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка өзгөчөлүктөрү банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-128)  
Кийинки берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-130)
