# 127-статья. Ордунда жок карыз тараптын кредиторлорунун талаптарын канааттандырышы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 14-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2006 года № 132 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1923)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2006 [Закон КР от 27 июля 2006 года № 132 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1923); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989788..989789>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 127-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-127

---

1. Ордунда жок карыз тараптын мүлкү табылган учурда аны сатуудан түшкөн пайда банкроттук процессинин чыгымдарын жабууга жумшалат. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу ушул Мыйзамда каралган кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт. Кредиторлор атайын администраторго алардын талаптарын кароонун жыйынтыгы боюнча сотко атайын администратордун акыркы отчету бекитилген учурга чейин даттанууга укуктуу.

2. Кредиторлор менен эсептешкенден кийин атайын администратор өз иши тууралу отчет түзүп аны сотко берет.

3. Ордунда жок карыз тараптын мүлкү жок болсо соттук чыгымдарды арыз берүүчү төлөйт. Атайын администраторго сыйлык адистештирилген фондунун каражатынын эсебинен банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан төлөнөт. Кредиторлордун талабы төлөндү деп эсептелет.

Документтерди илимий-техникалык иштетүүгө чыгымдар адистештирилген фонддун каражаттарынан төлөнөт. (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-126)  
Кийинки берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-128)
