# 126-статья. Ордунда жок карыз тараптын банкроттугу жөнүндө ишти кароо

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 14-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 126-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-126

---

1. Сот банкрот болгон карыз тарапты таануу жөнүндө арыз өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде банкрот деп таануу жана атайын администрациялоо жол-жобосун дайындоо жөнүндө чечим чыгарат. Атайын администратордун кандидатурасын сотко кредитор жана (же) банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган сунуш кылат.

2. Сот чечимди кредиторго, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга жана юридикалык жактар менен жекече ишкерлерди каттаган мамлекеттик органга жиберет.

3. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө билдирүү банкрот жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан адистештирилген фондунун каражатынын эсебинен жарыяланат. Кредиторлор атайын администраторго жарыя берилген күндөн тартып бир айдын ичинде өз талаптарын кое алышат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-125)  
Кийинки берене: [127-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-127)
